180-000

Түркия Кыргызстанга 180 000 беткап жөнөттү

Самсун шаардык мэриясы жана "Түрк Кызылай" уюму медициналык каражаттарды Бишкекке жөнөттү.

17 Ekim 2020 17:00

Түркия Кыргызстанга Кызылай уюму аркылуу 180 миң даана беткап жөнөттү. Бул туралуу Самсун шаарынын мэри Мустафа Демир билдирди. 

"Он жылдан бери биз Кыргызстандын борбору Бишкек шаары менен бир тууган калаабыз. Ушул оор мезгилде биз алар менен бирге болгубуз келди. Самсун шаардык мэриясынын жана "Түрк Кызылай" уюмунун салымы менен медициналык каражаттарды Бишкекке жөнөтүп жатабыз",- деди Мусатафа Демир.

Ал ошондой эле Кыргызстанга саясий туруктуулук каалап, кыргыз эли биримдикте жана тынчтыкта жашашына тилектештигин билдирди.

Өз кезегинде жарандарды тазалыкты жана аралыкты сактоого чакырып, тийешелүү санитардык талаптарды аткарууга үндөдү. 

Жаңылыктар