Түркия Кыргызстанга аскердик техника берди

Түркиянын Куралдуу күчтөрү Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө байланыш каражаттарын, автоунаа техникаларын жана башка жабдууларды берди.

18 Şubat 2022 18:26

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө аскердик техника берилди. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Түркиянын Улуттук коргоо министрлигинен КР Куралдуу күчтөрүнө аскердик-техникалык мүлктү тапшырып берүү аземи Улуттук гвардиянын 10126 аскер бөлүгүнүн аймагында болуп өттү.

“Түрк тарабынан берилген аскердик багыттагы продукцияларга байланыш каражаттары, автомобиль техникалары жана башка жабдуулар кирет”, – деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чарага КР коргоо министринин биринчи орун басары Таалайбек Усубалиев, Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган, КР КК Улуттук гвардиясынын командачылыгы жана өздүк курамы катышты.

Аземдин жүрүшүндө Т.Усубалиев Түркиянын дипломатиялык миссиясынын башчысына Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө материалдык-техникалык жардам көрсөткөндүгү жана Түркиянын аскердик окуу жайларында кыргыз аскер кадрларын даярдоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле кыргыз тарап мындан ары кызматташуунун учурдагы жана келечектүү багыттары боюнча эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Ал эми Түркиянын дипломатиялык миссиясынын башчысы Ахмет Садык Доган бул материалдар, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн мобилдүүлүк, согушуу жана аман калуу  мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга салым кошоорун айтты.

Ал Түркия мамлекети тышкы саясатта улуу жол башчы Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн «Өлкөдө тынчтык, дүйнөдө тынчтык» деген принцибин карманаарын баса белгиледи.

Анын айтымында Түрк куралдуу күчтөрү Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө жыл сайын аскердик техника жана материалдык колдоо көрсөтүп турат. 

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Түркия,

Жаңылыктар