Түркия Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтөт

Түрк кызыл жарым ай коому чек арада жапа тарткан Кыргызстандыктарга гуманитардык жардам жөнөтөт.

10 Mayıs 2021 18:33

Түрк кызыл жарым ай коому кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги жаңжалда жабыр тарткан Кыргызстандык үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул туралуу түрк кызыл жарым ай коому билдирди.

Маалыматка караганда Кыргызстандын кызыл жарым ай коому, Баткен аймагындагы абалды жөнгө салууга колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен түрк кызыл жарым ай коомуна кайрылган. Түрк кызыл жарым ай коому аймакка эки адисин жөнөтөт. Ошондой эле алгачкы этапта 332 миң лиралык гуманитардык жардам жөнөтүү караштырылган. Гуманитардык жардамды таратуу ишин түрк жана кыргыз жарым ай коомдору биргелеше жүргүзүшөт.

Ошондой эле түрк кызыл жарым ай коому, Кыргызстандын өтүнүчү менен  250 миң лирага тете медициналык каражат жөнөтөт.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн акыркы окуяда 36 жаран каза болгон.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, түрк кызыл жарым ай коому,

Жаңылыктар