Түркия Кыргызстанга жардам берди

Парламенттик шайлоонун алдында Түркия Кыргызстанга 100 миң доллар бөлүп берди.

22 Eylül 2020 20:53

Парламенттик шайлоонун алдында Түркия Кыргызстанга 100 миң доллар бөлүп берди.  Тийшелүү чекти Түркия Республикасынан Кыргыз Республикасындагы элчиси Женгиз Камил Фырат Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова тапшырды.  Маалыматтарга ылайык, бул акчага шайлоочуларды идентификациялоочу шаймандар, автоматтык урналар жана мониторлор сатылып алынат.

Ошондой эле Түркия Кыргызстанга байкоочуларды жөнөтөт. Кыргызстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова пандемияга карабастан шайлоого байкоочу жөнөтө турган Түркияга ыраазычылык билдирди.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоого 16 партиядан 1920 талапкер аттанууда.

Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 3-октябрда жыйынтыкталат.

Жаңылыктар