Түркия мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тармагындагы тажрыйбаларын Кыргызстан менен бөлүшөт

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) методу менен ири долбоорлорду ишке ашырган Түркия, бул жааттагы тажрыйбасын Кыргызстан менен бөлүшөт.

15 Eylül 2021 13:37

Стамбул шаарында Түркиянын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин карамагындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору өз ара кызматташуу келишимине кол койду.

Ага ылайык Түркиялык адистер, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк методу тармагындагы тажрыйбаларын  Кыргызстандыктар менен бөлүшөт.

Стамбул шаарындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун Борбордук Азия боюнча башчысы Эйүп Вурал Айдын белгилегендей, акыркы жылдары бүткүл дүйнөдө инфраструктуралык инвестицияга болгон муктаждык күчөдү. Натыйжада инвестициялар үчүн альтернативдүү каржылоо методдору иштелип чыгууда.

Түркия бул жаатта эбегейсиз зор тажрыйбага ээ. Андыктан Борбордук Азия, Чыгыш Европа, Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыш жана Сахаранын түштүгүндөгү өлкөлөр, Түркиянын тажрыйбалары жөнүндө маалымат алууга кызыктар.

«Түркия акыркы жылдары мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) методу менен ири долбоорлорду ишке ашырды. Бул метод менен аэропорт, автоунаа жолдору, көпүрөлөр, туннелдер, порттор жана ооруканалар салынды. Татаал процесстерди жана катаал даярдык баскычтарды камтыган МЖӨ долбоорлорун даярдоо жаатында, Түркия, маанилүү маалымат базасына ээ. Түркиянын бул жааттагы тажрыйбасын пайдалангысы келген көптөгөн өлкөлөр бар. Алардын бири Кыргызстан. Биз Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин карамагындагы  МЖӨ борбору менен кызматташуу келишимине кол койдук»,- деди ал.

Anahtar Kelimeler: Түркия, Кыргызстан, МЖӨ,

Жаңылыктар