Түркия менен Кыргызстан, Палестина, Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Казакстан ортосунда буга чейин жетишилген эл аралык келишимдер күчүнө кирди

Түркиянын президенти Кыргыз-Түрк “Достук” мамлекеттик ооруканасын ачуу боюнча келишимди ратификациялоо жана ушул келишимдин күчүнө кириши тууралуу мыйзамына кол койду.

21 Mart 2021 11:03

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркия менен бир катар мамлекеттер ортосунда буга чейин жетишилген эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана ушул келишимдердин күчүнө кириши тууралуу мыйзамдарына кол койду. Тийиштүү жарлыктар Расмий гезитте жарыяланды.

Ага ылайык Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Достук» мамлекеттик ооруканасы боюнча келишим да күчүнө кирди.

Белгилей кетсек 2021-жылдын 10-февраль күнү, Түркиянын Улуу улуттук жыйыны  (парламент) Кыргызстандын өкмөтү менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарында жайгашкан, Кыргыз-Түрк “Достук” мамлекеттик ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын Түркиянын медицина жаатында жана медициналык адистиктер боюнча билим алуу жөнүндө келишимин ратификациялаган.

Түркиянын президенти ошол эле учурда Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2018-жылы Никосия шаарында жетишилген «Кырсык жана Өзгөчө кырдаалдарда кызматташуу протоколун», 2016-жылы Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Стамбул шаарында жетиишилген «Энергетика жаатында кызматташуу протоколун», Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Баку шаарында 2020-жылы жетишилген «Медиа жаатындагы стратегиялык кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумун», Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2018-жылы Анкара шаарында жетишилген «Маданий борборлорду түзүү, эксплуатациялоо жана ишмердүүлүгү жөнүндө келишимин»; Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2018-жылы Анкара шаарында жетишилген «аскердик кызматташуу келишимин» ратификациялоо жана ушул келишимдердин күчүнө кириши тууралуу мыйзамдарына кол койду.

 

Anahtar Kelimeler: Түркия, Кыргызстан, Кыргыз-Түрк “Достук” мамлекеттик ооруканасы,

Жаңылыктар