100

Түркия менен Украина ортосундагы кызматташтыкка 100 жыл

Түркия жана Украина ортосундагы дипломатиялык мамиле 1992-жылдын 3-февралында түзүлгөнү менен эки өлкө ортосундагы кызматташтык 100 жыл мурункуга б.а. Осмон дооруна таянат.

21 Şubat 2021 23:24

Украинанын көз карандысыздыгы 1918-жылы Украинанын Борбордук Радасынын IV Универсалы тарабынан жарыяланган. Андан көп өтпөй Ахмет Мухтар Бей Осмон Империясынын өкүлү катары  Киевде кызматка киришкен. Ал Укриана Элдик Республикасындагы алгачкы түрк элчи болгон.

Бул жылдары Осмон Империясы менен Укриана Элдик Республикасы ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлүп, элчиликтер ачылган.

«Эки мамлекет ортосундагы мамиленин учурдагы деңгээли кокустук эмес»

Эки өлкө ортосундагы мамиле бир кылымга тете. Түркия Республикасынын Украинадагы элчиси Ягмур Ахмет Гүлдеренин маалыматына караганда архивдеги булактардан Осмон Империясынын Укриана Элдик Республикасындагы алгачкы элчилигинин имараты аныкталган.

2020-жылдын 4-февралында Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Украинага жасаган мамлекеттик сапарынан кийин Түркиянын мамлекеттик архив башкармалыгынын жетекчиси проф.др. Угур Үналдын катышуусу менен тарыхый имаратка мемориалдык такта орнотулган.

Муну менен Украина жана Түркия бүткүл дүйнөгө эки мамлекет ортосундагы ымаланын тарыхы терең экенин көрсөткөн.

Эки мамлекет ортосундагы мамиленин учурдагы деңгээли кокустук эмес.

Бүгүнкү күндө Анкара үчүн Киев кандай стратегиялык мааниге ээ болсо Осмон Империясы учурунда Укриана Элдик Республикасы дал ошондой мааниге ээ болгон.

Жаңылыктар