Түркия орозо айын утурлай Кыргызстанга жардам жөнөттү

Рамазан айынын алдында Түркиянын Диний фонду жана Германияндагы Дин иштери боюнча Түрк-Ислам биримдиги Кыргызстандык муктаж жарандарга азык-түлүк жардамын жөнөттү.

01 Nisan 2022 11:42

Рамазан айынын алдында Түркиянын Диний фонду жана Германияндагы Дин иштери боюнча Түрк-Ислам биримдиги  Кыргызстандык муктаж жарандарга азык-түлүк жардамын жөнөттү. 

Азык-түлүк жардамын, Кыргызстанда кызмат өтөгөн Түркиялык диний кызматкерлер, Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте таратышты. 

Жардамдарды таратуу ишине Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасынын элчиси Ахмет Садык Доган жана элчиликтин дин кызматтары боюнча кеңешчиси Мүрсел Өзтүрк катышты. 

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, гуманитардык жардамдарды жөнөтүүгө колдоо көрсөтүп, кайрымдуулук иш-чарасын уюштурган Германиядагы түрк жарандарга ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги Бишкек жана Өзгөн шаарларындагы Имам Сарахси атындагы мечиттерде ыйык орозо айына арналган иш-чараларды уюштурат. 

 

 

Anahtar Kelimeler: Рамазан айы,

Жаңылыктар