154

Түркия Ош шаарындагы жардамга муктаж 154 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын таратты

Түркиянын Диний иштери башкармалыгы жана Диний фонду Рамазан айынын урматына Кыргызстандын Ош шаарындагы жардамга муктаж 154 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын таратты.

06 Nisan 2022 13:49

Гуманитардык жардамды таратуу иш-чарасы Ош шаарынын борбордук аянтында өттү. Кайрымдуулук иш-чарасын Ош шаарынын мэриясы жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган. Жардамды таратуу иш-чарасына Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова жана Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Мүрсел Өзтүрк катышты. 

Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова ыйык Рамазан айында жардамга муктаж 154 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын көрсөткөн Түркияга ыраазычылык билдирди.

Азык түлүк жардамы 10 кг ун, 5 кг суу май, макарон, күрүч, кант жана чайды камтыйт.

Anahtar Kelimeler: Түркия, Кыргызстан,

Жаңылыктар