Түркия Республикасынын президенти Эрдоган: «Кыргыз-түрк мамилеси ар тараптуу өнүгөөрүнө ишенем»

Түркиянын президенти Р. Т. Эрдоган жана Садыр Жапаровдун басма сөз жыйыны өттү.

23 Haziran 2021 14:17

Бүгүн Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров расмий иш сапары мене Анкарага келди. Бетме-бет жолугушуудан кийин Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстан менен Түркия ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынынын алкагында сүйлөшүүлөрдү улантышты.

Мамлекет башчылары жолугушууда кыргыз-түрк эки жана көп тараптуу кызматташуунун абалы менен келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү байланыштардын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Түркиянын президенти Р. Т. Эрдоган басма сөз жыйында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушууда "ФЕТО баш болгон террордук уюмдар менен күрөшүү жана чөлкөмдөгү кызматташтык сыяктуу маселелерди талкууладык", - деп билдирди.

"ФЕТО уюмунун эки өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирери тууралуу урматтуу бир тууганым менен пикирдешпиз. Соңку саясий көйгөйлөр ФЕТОнун караңгы, кандуу жана суук "жүзүн" ортого салды. Буюрса, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, бул маселени бирге жеңебиз. Урматтуу президентке Түркиянын кыргыз элине жана өкмөтүнө болгон колдоосун дагы бир жолу баса белгиледим. Саясий туруктуулукка карай жасалган ар бир кадамында биз кыргыз мамлекетинин жанындабыз", -деди ал.

Мамлекет башчысы сөзүнүн жүрүшүндө 11-апрелде Кыргызстанда өткөн референдумга токтолуп, анын жыйынтыгы Кыргызстан үчүн чоң бурулуш болгонун айтты. Жаңы системанын шартында жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болуп, натыйжада Кыргызстан тезирээк өнүгөт деген ишенимин билдирди.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган апрель айынын этегинде кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжал түрк элин да кайгыга салганын билдирди.

"Эки бир тууган өлкөнүн ортосунда чыккан бул көйгөй бизди да кайгыга салды. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Эки өлкө сабырдуулук менен бул маселени чечип алганына кубандык. Эки кошуна мамлекет мындан ары да көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечет деген үмүттөбүз", -деди Эрдоган.

Өз кезегинде Түркия кыргыз элине дайыма колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы аба каттамдардын саны көбөйөөрүн, буга чейинки каттамдардын саны 28ге көбөйгөнүн кошумчалады.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Президенти менен соода-экономикалык кызматташтыкты жана башка байланыштарды мындан ары да өркүндөтүү, соода жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына чейин жеткирүү боюнча конкреттүү чараларды көрүү жөнүндө макулдашууга жетишилгенин билдирди.

Ал эми билим берүү тармагында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ишмердүүлүгүн кеңейтүү тармагында макулдашууша жетишилгенин маалымдады. 

Anahtar Kelimeler: Түркия, Кыргызстан, Эрдоган,

Жаңылыктар