Түркия Республикасынын Президенти Эрдоган Өзбекстанга барды

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган мамлекеттик сапары менен Өзбекстанга барды.

29 Mart 2022 15:51

Түркия Республикасынын Президенти Р. Т. Эрдоган эки күндүк мамлекеттик сапары менен Өзбекстанга барды. Президент Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоганды Өзбекстан Республикасынын Президенти Шафкат Мирзиеев жана жубайы Зироот Мирзиеева Ташкенттегеи эл аралык аэропорттон тосуп алышты.

Президент Эрдоганды Юстиция министри Бекир Боздаг, Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Эмгек жана социалдык коопсуздук министри Ведат Билгин, Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа, Соода министри Мехмет Муш, Президенттик аппараттын байланыш бөлүмүнүн директору Фахреттин Алтун жана Президенттик аппараттын алдындагы коргоо өнөр жайынын башчысы Исмаил Демир коштоп барды. 

Жолугушууда мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана аймактык көйгөлөрдү талкуулашат.

Эрдогандын сапары алкагында Өзбекстан Республикасы менен Түркия Республикасы ортосундагы Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин экинчи жыйыны болуп өтөт.

 

Anahtar Kelimeler: Түркия, Өзбекстан, Эрдоган,

Жаңылыктар