Түркия Республикасынын Президенти Р. Т. Эрдоган Украинага барды

Түркия Республикасынын Президенти Р. Т. Эрдоганды Бориспиль аэропортунда Түркиянын Украинадагы элчиси Ягмур Ахмет Гүлдере, жубайы Седа Гүлдере, Украинанын Түркиядагы элчиси Васил Боднар жана Украинанын Тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызматкерлери тосуп алышты.

03 Şubat 2022 13:54

Түркия Республикасынын Президенти Р. Т. Эрдоган Украинага барды. Мамлекет башчысы жана жубайы Эмине Эрдоганды Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Экология, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшүнүн алдын алуу министри Мурат Курум , Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу, АК партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик, Президенттик аппараттын алдындагы Коргоо өнөр жайынын  төрагасы Исмаил Демир, Президенттик аппараттын алдындагы коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жана Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын коштоп барды.

Эрдоган Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин 10- жыйынына катышат

Президент Эрдоган расмий сапары алкагында Киевде Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондорду эскерүү үчүн тургузулган Белгисиз жоокер эстелигине гүлчамбар коёт.

Расмий тосуп алуу аземинен кийин Маринский сарайында Украинанын президент В. Зеленский менен жолугушат. 

Андан соң түрк-украин жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин 10- жыйынына катышат.

Жыйында стратегиялык өнөктөштүк деңгээлиндеги Түркия-Украина мамилеси ар тараптуу талкууланып, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрү каралып, аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болот. 

Жыйын жыйынтыгында эки лидердин биргелешкен маалымат жыйыны өтөт.

Жыйынтыгында эки мамлекет ортосунда өз ара кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлаары күтүлүүдө.

Anahtar Kelimeler: Эрдоган, Түркия, Украина,

Жаңылыктар