Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитинде сөз сүйлөдү

Саммиттеги кайрылуусунда мамлекет башчысы Кипр көйгөйүнө, өзгөчө басым жасады.

28 Kasım 2021 14:38

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитине катышты.  Саммиттеги кайрылуусунда алгач, Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердымухамедовго меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Түркиядан ЭКУнун төрагалыгын өткөрүп алган Түркмөнстанга ийгилик каалады.

Саммитке катышып жаткан Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Президент Эрдоган бүткүл дүйнөнү таасирине алган Ковид-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюга өзгөчө басым жасады.  

«Пандемия экономика, соода жана туризм тармагына да терс таасирин тийгизди. Түркия бул оор процессте дүйнөнүн төрт тарабынан келген жардам суроо-талаптарын канааттандырууга аракет кылды.  Азыркы күнгө чейин 160 өлкөгө жана 12 эл аралык уюмга медициналык жардам жеткирдик.  Ата мекендик TURKOVAC вакцинасын шашылыш түрдө колдонууга уруксат алуу үчүн арыз бердик. Процесс аяктаганда  улуттук вакцинабызды бүткүл адамзаттын кызматына сунуштайбыз»,-деди ал.

Мамлекет башчысы терроризмге каршы биргелеше күрөшүүгө басым жасады.

«Биздин аймак ПКК, ЙПГ, ФЕТО жана ДЕАШ сымал террордук уюмдардан тазаланганда гана тынчтык, ырааттуулук жана экономикалык өнүгүү ылдамдайт»,-деди ал.

Ошондой эле Кипрдагы көйгөйдү жөнгө салууга токтолду.

«Кипр көйгөйүн жөнгө салуудагы негизги ачкыч-Кипр түрк элинин эгемендик теңдигин жана эл аралык статусун каттоо. Андыктан бардык дос жана боордош мамлекеттерди Түндүк Кипр Түрк Республикасынын маселени жөнгө салууга багытталган көз карашын баалоосун өтүнөм»- деди ал.

Эрдоган аймактагы транспорттук инфраструктурагы өнүктүрүү маселесине токтолду. «Бул жааттагы аракеттерибиз тынымсыз уланууда. Сооданын көлөмүн 100 миллиард долларга жеткирүү зарыл»,-деди.

Президент региондо тынчтык жана туруктуулук болмоюнча экономика жаатында ийгиликтүү кызматташуу мүмкүн эмес экенине өзгөчө көңүл бурду.

 Ал аймактык коопсуздук маселесине токтолуп, Афганстандагы кырдаал ЭКУ өлкөлөрүнө түздөн-түз таасирин тийгизерин белгиледи. Бүткүл аймакка таасир эте турган качкындар кризисинин алдын алуу үчүн экономикалык активдүүлүктү жандандыруу зарылдыгын айтты. Түрк Кызылайы жана бейөкмөт уюмдар Ооганстандагы ачарчылык коркунучуна каршы гуманитардык жардамдары көбөйткөнүнү билдирди.

Мамлекет башчысы Иранга киргизилген бир тараптуу санкциялар токтошу керек деген пикирин атты. Ал  бардык тараптардын биргелешкен иш-аракеттердин комплекстүү планына кайтып келүүсү-аймактын экономикалык гүлдөп-өсүшүнө жана туруктуулугуна өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи.

«Азербайжандын аймактагы гүлдөп-өнүгүүнү жогорулатуу үчүн таштаган кадамдарын жогоруу баалоо керек.  Түркия ар дайым Азербайжанды колдойт»-деди Эрдоган.

 

Anahtar Kelimeler: Эрдоган, ЭКУ,

Жаңылыктар