Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Тажикстандагы түрк ишкерлери менен жолугушту

Расмий иш сапары менен Тажикстанга барган Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Душанбе шаарында түрк ишкерлери менен жолугушту.

28 Mart 2021 23:31

Жакынкы аралыкта Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстанга расмий  иш-сапары менен барып, кийинчерээк Казакстандын Тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди менен Анкара шаарында жолугушкан Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, бул ирээт жумушчу сапары менен Тажикстанга барды.

Чавушоглу алгач түрк ишкерлери менен жолугушту.

«Тажикстан менен Түркия ортосундагы мамилеге маанилүү салым кошкон ишкерлерибиз менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талдап, ага баа бердик»,-деп белгиледи ал твиттердеги баракчасынан.

Жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө Чавушоглу Борбор Азиядагы мамлекеттер менен Түркия ортосундагы мамилени өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасап жаткандыгын айтты.

Тажикстанда «Стамбул процесси- Азия жүрөгү» жыйыны өтөт

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 2021-жылдын 30-мартында Душанбе шаарында өтө турган «Афганстан боюнча Стамбул процесси- Азия жүрөгү» жогорку кызмат адамдарынын 9-жыйынына катышуу үчүн Тажикстанга барды. Жыйынга Тажикстан жана Афганистан тең төрагалык кылат.

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы тараткан билдирүүгө караганда министр Чавушоглунун Тажикстандагы иш сапары эки  күнгө созулат. Сапардын алкагында эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин сүйлɵшүүлɵрү ɵтөт. Мындан сырткары, Чавушоглунун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугары дагы пландалууда.

Алдыда боло турган жолугушуулардын жана сүйлɵшүүлɵрдүн жүрүшүндɵ эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары ɵнүктүрүү жана бекемдɵɵ, аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелерди талкуулоо пландаштырылууда.

Anahtar Kelimeler: Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Тажикстан, түрк ишкерлери,

Жаңылыктар