Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Султан Раевди Түрк тилдүү элдердин маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун баш катчысы болуп шайланышы менен куттуктады

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түрк тилдүү элдердин маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун баш катчысы болуп шайланган Султан Раевге ийгилик каалады.

31 Mart 2022 18:29

Кыргыз эл жазуучусу, драматург Султан Раев Түрк тилдүү элдердин маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун баш катчысы болду. 

Мындай чечим Түркиянын Бурса шаарында өткөн ТҮРКСОЙ уюмунун жыйынында белгилүү болду. Султан Раевдин талапкерлиги ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин чечими менен бекиди.

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Султан Раевди ТҮРКСОЙдун баш катчысы болуп шайланышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады.

Министрлик ошол эле учурда ТҮРКСОЙдун мурдагы катчысы Дүсен Касеиновго ыраазычылык билдирди.

 

Anahtar Kelimeler: Султан Раев, ТҮРКСОЙ,

Жаңылыктар