Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай Ниязбековду кабыл алды

Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Ниязбековду кабыл алды.

19 Nisan 2022 19:36

Жолугушуу Анкара шаарындагы Президенттик резиденцияда өттү. Тараптар эки өлкө ортосундагы экономикалык, саясий жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында пикир алмашышты. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы өтө турган Түркия менен Кыргызстан ортосундагы Жогорку даражалуу стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйынына даярдыктар талкууланды.

ФЕТО менен байланышы бар жарандардын Кыргызстандагы иш-аракеттерине байланыштуу маселелер талкууланды.

Ошондой эле  полиция кызматкерлеринин өз ара тажрыйба алмашуу программасы талкууланды.

 

Жаңылыктар