"Түркия стипендиялары" программасына катталуу жыйынтыкталды

Түркиянын мамлекеттик жогорку окуу жайларында бакалавр, магистратура жана докторантура программалары боюнча акысыз билим алууну көздөп жүз миңдеген абитуриент каттоодон өттү.

28 Şubat 2021 15:53

Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы, 10-январда башталган «Түркия стипендияларына» тапшыруу аяктаганын жарыялады. Маалыматка караганда Түркиянын мамлекеттик жогорку окуу жайларында бакалавр, магистратура жана докторантура программалары боюнча акысыз билим алуу үчүн 178 өлкөдөн 165 миң 511 абитуриент каттоодон өттү.

Биринчи турдан өткөндөр маектешүүгө чакырылат. Академиктер жана адистер менен болгон маектешүүнүн жыйынтыгында ийгилктүү деп табылган абитуриенттер, Түркиядагы университеттерде билим алуу укугуна ээ болушат.

«Түркия стипендияларына» тапшыруу аяктаганын Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын жетекчиси Абдуллах Эрен да социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирип, дүйнөдөгү алдыңкы стипендиялык программага катышкан эл аралык абитуриенттерге ыраазычылык билдирди.

Түркия стипениялары-Түркиянын бүткүл дүйнөдөгү студенттерге сунуштаган программасы. Бул программа, Түркияны дүйнөдөгү алдыңкы билим берүү базасына айлантып, жыл сайын ага, жүз миңдеген абитуриенттер тапшырат.

Түркия стипендиялары программасынын тандоо сынагы жогорку деңгээлде өткөрүлөт. Абитуриенттер окуудагы жетишкендиктери, коомдук иш-чараларга катышуу активдүүлүгү, программанын критерийлерине шайкештигине жараша тандалат. Сынактан ийгиликтүү өткөндөр Түркиянын эң алдыңкы окуу жайларында стипендия алып окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Түркияда билим алып, окуу жайды ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр, өз өлкөлөрү менен Түркиянын ортосундагы мамилени өнүктүрүүгө ири салым кошуп, аймактык жана глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө мыкты иштерди алып барууда.

Жаңылыктар