Түркия ТИМи: Кыргызстандагы окуялар тынчсыздандырууда

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандагы окуяларга тынчсыздануу билдирди.

06 Ekim 2020 21:24

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандагы окуяларга тынчсыздануу билдирди.

Билдирүүдө, "Кыргызстанда 4-октябрь 2020-жылы болуп өткөн парламенттик шайлоодон кийинки окуяларга терең тынчыздануудабыз. Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр, окуялардын курчушуна жол бербей, конституциялык алкактан чыкпай, коомдук макулдашуунун негизинде акыл-эстүүлүк менен бул кырдаалдан чыгуунун жолдорун табат деп үмүттөнөбүз.

Кыргызстандын кырдаалды чукул арада жөнгө салууга саясий жактан жетилгендигинен шек санабайбыз.

Дос жана боордош кыргыз эли жана бардык саясий топтор мындай орчундуу мезгилде Кыргызстандын тынчтыгы жана өсүп-өнүгүшү үчүн биримдикте жана тилектештикте иш алып бараарына толук ишенебиз»-, деп жазылат.

Жаңылыктар