Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Тышкы иштер комитети «Шуша декларациясын» кабыл алды

Жыйын АК партиянын депутаты Акиф Чагатай Кылычтын жетекчилигинде өттү. Комиссиянын жыйынына тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран катышты.

03 Şubat 2022 13:35

Явуз Селим Кыран Кавказ аймагынын стратегиялык маанисине басым жасап, аймактагы окуялар Түркия жана  Азербайжандын кызыкчылыктары менен тыгыз байланышта экенин баса белгиледи.

"Биз эки мамлекет бир улуттун өкүлдөрүбүз. Биз Азербайжан менен Түркия ортосундагы мамилени жогорку деңгээлде кармоого ири  маани беребиз. Азербайжандын Түркияга 20 миллиард доллардан ашык инвестиция салса, биздин Азербайжандагы инвестициябыз 12 миллиард доллардан ашты. Аскердик жана башка тармактарда бир катар келишимдерге кол койдук. Биргелешкен аскердик машыгуулардын масштабын кеңейттик. Азербайжан менен болгон мамилебиз тарыхый маниге ээ" деди ал. 

Явауз Селим Кыран парламенттн депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Карабакта 132 чарчы километр аянт миналардан тазаланганын жана бул багыттагы аракеттеринин улана турганын айтты. Ошондой эле Карабакта тогуз компания иштеп жатканын, алар ймакты кайра куруу аракеттерин көрүп жатканын билдирди.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Түркия Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы союздаштык мамилелер боюнча Шуша декларациясын бекитүү жөнүндөгү мыйзам долбоору кабыл алынды.

Anahtar Kelimeler: Шуша декларациясы,

Жаңылыктар