Түркия ыйык Орозо айында Кыргызстанда бир катар кайрымдуулук иш-чараларын уюштурат

М. Өзтүрк: Орозо айында Кыргызстанда бир катар иш-чараларды уюштурабыз.

01 Nisan 2022 20:18

Түркия Кыргызстанда ыйык орозо айына арналган иш-чараларды уюштурат. Алсак орозонун алгачкы күнү Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте 2000 кишиге кечки ооз ачуу тамагы берилет. Ошондой эле бир ай бою бир катар кайрымдуулук иш-чаралары өткөрүлөт.

Садыр Жапаров Рамазан айынын башталышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, өлкөнүн мусулмандарын Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

"Жалпыңыздарды мусулман жамааты көптөн көп күткөн берекелүү Орозо (Рамазан) айынын башталышы менен куттуктайм.

Бүткүл дүйнөдөгү мусулмандар үчүн өзгөчө ай болуп саналган Орозо айы акыркы эки жылда белгилүү чектөөлөр менен өтүп келгени белгилүү.

“Он эки айдын султаны” деп аталган бул айда Жараткан мээримин чачып, кечиримдүүлүктүн эшиктери ачылып, жакшы тилектер эселенип кабыл болору айтылат. Демек, бул айда адамдардын бири-бирине болгон урмат-сыйын бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк жаралат. Орозо жан дүйнөнү руханий жактан тарбиялап, адамдарды ырайымдуулукка, сабырдуулукка жана адептүүлүккө үйрөтөт. Ошондуктан, улуу айдын урматына Жараткандан дүйнө жүзүндө болуп жаткан саясий-экономикалык каатчылык маалында жалпы адамзат баласына кечиримдүүлүктү жана мээримдүүлүктү тилейли",-деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Белгилей кетсек, бүгүн алгачкы Таравих намазы окулуп, таң эрте ооз бекийт.

Anahtar Kelimeler: Орозо, Кыргызстан, Түркия,

Жаңылыктар