Түркия ыйык Рамазан айында Кыргызстандагы Ахыскалык түрктөргө жардам берди

Түркиянын Диний иштер башкармалыгы жана Диний фонду Кыргызстандагы жардамга муктаж Ахыскалык түрктөргө азык-түлүк жардамын таратты.

22 Nisan 2021 17:36

Түркиянын Диний иштер башкармалыгы жана Диний фонду ыйык Рамазан айында Кыргызстандагы жардамга муктаж Ахыскалык түрктөргө азык-түлүк жардамын таратты. Диний иштер башкармалыгы жини Диний фонд мындай жардамдарды жыл сайын таркатып келет.

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинде Диний иштер боюнча жооптуу кызматкер болуп иштеген Мурсел Өзтүрк, көп бөлүмдүү «Дирилиш Эртугрул» тасмасында Меликшах Алптын ролун жараткан Меликшах Өзен жана Түркиянын Диний фондунун  Кыргызстан боюнча өкүлү Эбубекир Кайнак Ахыскалык түрктөр жашаган аймактарда болуп, Ахыскалык түрктөр ассоциациясынын президенти Атамша Дурсунов баштаган ыктыярчылар менен кошо көчөмө-көчө кыдырып, муктаж жарандарга азык-түлүк жардамын таратты.

Гуманитардык жардам ун, шекер, май, макарон жана башка азык-түлүктөрдү камтыйт.

Ошондой эле кичинекей балдарга шариктер таратылды.

Азык-түлүк жардамын алган Мая аттуу жаран Түркияга ыраазычылык билдирди.

Мурсел Өзтүрк баштаган топ андан соң Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Теология факультетинде жана ТИКАнын Бишкектеги өкүлчүлүгүндө болуп, аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат алды.

Anahtar Kelimeler: Ыйык Рамазан айы, Түркия, Ахыскалык түрктөр,

Жаңылыктар