Түркия ыйык Рамазан айында Кыргызстандагы жардамга муктаж адамдарга жардам берүүдө

Түркиянын Диний иштер башкармалыгы жана Диний фонду Кыргызстандагы муктаж адамдарга азык-түлүк жардамын тарата баштады.

21 Nisan 2021 17:18

 

Гуманитардык жардамдардын бир бөлүгү мындан эки жыл мурда Түркия Республикасынын президенти Р. Т. Эрдогандын катышуусу менен Бишкек шаарында ачылган борбордук Имам Серахси мечитинде таратылды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун кеңешчилери Медетбек Букуев, Равшанбек Сабиров, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Йекта Камил Ноян, көп бөлүмдүү «Дирилиш Эртугрул» тасмасында Меликшах Алптын ролун жараткан Меликшах Өзен катышты.

Гуманитардык жардам ун, шекер, май, макарон жана башка азык-түлүктөрдү камтыйт.

Гуманитардык жардамдын экинчи бөлүгү Ахыскалык түрктөр жашаган аймактарга таратылды.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун кеңешчиси Медетбек Букуев ыйык Рамазан айында муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам берген түрк элине ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде кыргыз-түрк алакасы мындан ары өнүгөөрүнө ишеним артты.

Ал эми Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинде Диний иштер боюнча жооптуу кызматкер болуп иштеген Мурсел Өзтүрк берекелүү Рамазан мээримдүүлүктүн, тилектештиктин жана боордоштуктун айы экендигин баса белгиледи.

Жардамдар үстүбүздөгү жума Ахыскалык түрктөр жашаган бир катар райондордо жана Ош шаарында таратылат.

Anahtar Kelimeler: ыйык Рамазан айы, Түркия, Кыргызстан, жардам,

Жаңылыктар