Түркия ыйык Рамазан айында Кыргызстандагы жардамга муктаж адамдарга жардам берди

Түркиянын Диний иштер башкармалыгы жана Диний фонду Кыргызстандагы муктаж адамдарга азык-түлүк жардамын таратып бүттү.

26 Nisan 2021 13:47

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинде Диний иштер боюнча жооптуу кызматкер болуп иштеген Мурсел Өзтүрктүн маалыматына караганда берекелүү Рамазан айында Бишкек, Ош жана Өзгөн шаарларындагы муктаж жарандарга азык-түлүк жардамы таратылды.

Жардам ун, шекер, май, макарон жана башка азык-түлүктөрдү камтыды.

Түркиянын Диний иштер башкармалыгы жана Диний фонду ошол эле учурда Ош шаарында кечки ооз ачуу тамагын уюштурду. Ага  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, Ош шаардык муфтиятынын кызматкерлери, Ош университетинин теология факультетинин администрациясы катышты.

Гуманитардык жардамдарды таратууга ыктыярчы болуп катышкан актер Меликшах Өзен Сулайман тоосуна жана Имам Серахси мечитине барды.

Anahtar Kelimeler: Түркия, Рамазан айы, Кыргызстан,

Жаңылыктар