Түркия жана Азербайжандык альпинисттер Хожалы курмандыктарын эскерүү үчүн Хача тоосуна чыгышты

Азербайжандын Хожалы шаарында 1992-жылы 613 кишинин өмүрүн алган кыргынга 30 жыл толду. Түркия жана Азербайжандык альпинисттер Хожалы шейиттеринин курмандыктарын эскерүү үчүн Хача тоосуна чыгышты.

22 Şubat 2022 18:58

Иш-чараны Азербайжандын Карстагы башкы консулдугу, Зирве деп аталган альпинизм жана жаратылыш спорт клубу, Азербайжан тил, тарых жана маданият биримдигин сактап калуу жана колдоо коому уюштурган. Нахчиван Автономиялуу Республикасында өткөн иш-чарага, Түркиялык 24, Азербайжандык 7 альпинист катышты. Алар Хача тоосунун чокусуна чыгып, курмандыктардын жаркын элесин эскеришти.

Альпинисттер бир мүнөттүк унчукпай туруу жөрөлгөсүн өткөргөн соң,  Түркия жана Азербайжандын улуттук гимндери аткарылды.

«Хожалы шейиттерин урмат-сый менен эскеребиз»,-деп жазылган баннерлер ачылып, Түркия менен Азербайжандын тоонун чокусунда желектери желбиреди.

Иш-чаранын лидери Искендер Доган бул жөрөлгө 6 жылдан бери салттуу түрдө уюштурулуп келе жатканын маалымдады.

Ал Түркия ар дайым Азербайжанды кодоорун белгилеп, «Биздин максатыбыз азербайжандык боордошторубуздун кайгысын тең бөлүшүү. Чокуга чыккан бардык досторумду куттуктайм»,-деди.

Азербайжандык спортчулардын бири Бабек Орабанли төмөнкүлөргө токтолду:

«Хожалы – армяндардын бизге жасаган эң ырайымсыз жана эң жаман трагедияларынын бири. Ошондогу кайгы азыр да унутулбайт. Кыргынды эскерүү үчүн бир катар иш-чаралар уюштурулуп келет. Алардын бири Хача тоосунун чокусуна чыгуу иш-чарасы. Түркиялык боордоштор менен бирге тоого чыгып, курмандыктарды эскердик. Ар дайым бир бололу».

Бизге жеңиш тартуулаган Эрдоган менен Алиевге ыраазычылык билдирем

Зирве деп аталган альпинизм жана жаратылыш спорт клубунун Карс филиалынын төрагасы Алпай Коркмаздын айтымында иш-чарага көптөгөн шаардан жана түрдүү спорт клубдарынан альпинисттер катышты.

«Бул иш-чараны жыл сайын кайгы менен өткөрчүбүз, бирок быйыл кубаныч менен өткөрүүдөбүз. Анткени Карабакта жеңишке жетиштик. Бизге жеңиш тартуулаган президентибиз Режеп Тайып Эрдоганга жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевге ыраазычылык билдирем»,-деди ал.

Чокуга чыгуу 7 саатка  созулду. Альпинисттер чокудан түшкөндөн 4 сааттан кийин Хача тоосунун этегиндеги Гал айылында программа жыйынтыкталды.

Anahtar Kelimeler: Хожалы кыргыны,

Жаңылыктар