Түркия жана Кыргызстан өнөр жай жана технология жаатында келишимге жетишти

Түркия менен Кыргызстандын ортосунда өнөр жай жана технология жаатында өз ара мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүү максатында келишимге кол коюлду.

06 Ekim 2021 23:59

Тийиштүү документке Түркия Республикасыны Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев кол коюшту.

Мустафа Варанк кол коюу аземинде сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанды эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракеси менен куттуктады.  «Түркия мамлекети Кыргызстандын эгемендүүлүгүн алгачкы болуп тааныган. Андан бери эки өлкө мамилени чыңдоо жана өз ара экономикалык кызыкчылыктарды кеңейтүү тармагында олутту иштерди алып барууда»,- деди ал.

Варанк сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен кол коюлган келишим өнөр жай жана технология жаатында эки өлкөгө тең бир топ пайда алып келээрине ишеним билдирди.

Варанк баса белгилегендей 30 жыл аралыгында Түркия менен Кыргызстан саясат, экономика, соода, өнөр жай, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, маданият, спорт ж.б. көптөгөн тармактарда өз ара мамилени тереңдетип, улам өнүктүрүп отурду. Ал эми 2011-жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда Стратегиялык кызматташуу боюнча Жогорку Кеңеш түзүлүп, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы кызматташтык стратегиялык статуска ээ болгон.

Ал эми жаңы кол коюлган келишим Кыргызстан менен Түркия ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты жогорулатууга багытталып, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн кеңейтүүдө манилүү орунга ээ.

Ошондой эле  Кыргызстанда Уюшкан Өнөр жай Зонасын (УӨЗ) түзүү боюнча иштер башталат. Аталган зона Түркиянын технология жана билим жаатындагы тажрыйбасын Кыргызстандыктар менен бөлүшүүнү көздөйт.

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев УӨЗдү түзүү жаатында көрсөткөн колдоосу үчүн министр Варанкка ыраазычылык билдирди.

 

Anahtar Kelimeler: Түркия, Кыргызстан,

Жаңылыктар