Түркия жана Кыргызстандын коргоо министрлери жолугушту

Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен жолугушту. Жолугушууда аскердик техникалык кызматташтыкты кеңейтүү маселеси талкууланды.

01 Mart 2022 18:32

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркияга расмий конок катары келген Кыргызстандын коргоо министри генерал-майор Бактыбек Бекболотовду Улуттук коргоо министрлигинин имаратында аскердик азем менен тосуп алды.

Алгач Бекболотов менен Акар бетме-бет жолугушту. Андан соң делегациялар ортосундагы сүйлөшүүлөр өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Түркия менен Кыргызстандын ортосунда "аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкка байланыштуу иш-аракеттердин жол картасына» кол коюлду.

Басма сөз жыйында Хулуси Акар абдан чын ыкластуу, конструктивдүү, кеңири жана пайдалуу жолугушуу болгонун белгилеп, эки тараптуу ымала жана аймактык көйгөйлөр кеңири талкууланганын маалымдады.

"Кыргызстандын туруктуулугу жана коопсуздугу биз үчүн да, аймак үчүн да абдан маанилүү. Бир туугандык мамилеге негизделген кызматташтыгыбыз тез, ар тараптуу жана туруктуу өнүгүүдө"-деп белгиледи ал.

Өз кезегинед ФЕТго каршы күрөшүүгө токтолуп : "Керектүү демилгелерди көтөрүп, тийиштүү чараларды көрөбүз",-деди.

Кыргызстандын коргоо министри генерал-майор Бактыбек Бекболотов Түркиянын меймандостугуна ыраазычылык билдирди.

Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин мындан ары да өнүгүшүнө тилектештигин билдирди.

Anahtar Kelimeler: Түркия, Кыргызстан,

Жаңылыктар