Түркия жана түрк дүйнөсү

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 5-10-март күндөрү расмий иш сапары менен Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстанда болуп кайтты.

11 Mart 2021 14:40

Түрк тилдүү мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын утурлай Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу расмий иш сапары менен Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстанда болуп кайтты. Бул сапар өтө манилүү учурга туш келди. Биринчиден түрк  тилдүү мамлекеттер бул жылы көз карандысыздыктын 30 жылдыгын белгилей турса, экинчи жагынан Азербайжан окупациядагы аймактарын бошотту. Тоолуу Карабак согушу учурунда Анкара менен Бакунун тилектештиги түрк тилдүү мамлекеттерге жакшы мисал болду.

Маалым болгондой Чавушоглу бул жолу Казакстанга барган жок. Анткени 2021-жылдын 31-мартында Түркия Республикасынын президенти Р. Т. Эрдоган мамлекеттик сапары менен Казакстанга барат.

Экинчи жагынан алып караганда Түркиянын Түркмөнстан жана Өзбекстан менен болгон кызматташтыгы акыркы жылдары гана өнүгө баштады. Ал эми Түркия менен Кыргызстан ортосундагы ымала эң башынан бери жакшы нукта өнүгүп келгени менен акыркы жылдары ФЕТӨ фактору эки тараптуу мамилеге аз да болсо көлөкөсүн түшүрдү. Андыктан Чавушоглунун бул сапары жогоруда аты аталгын үч мамлекет менен болгон мамилени жаңы деңгээлге көтөрүү жаатында жаңы кадам болуп калды.

Чавушоглу алгач Түркмөнстанга барды. Ашхабад шаарында Түркмөнстан Республикасынын Тышкы иштер министри Рашид Мередов жана мамлекет башчысы Гурбангулы Бердимухаммедов менен жолугушту. Жолугушуулардын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдердин негизинде 2021-жыл Түркия жана Түркмөнстан үчүн жемиштүү жыл болот деп тыянак чыгарса болот. Алсак эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жолугушуусу күтүлүүдө. Андан сырткары Түркия, Азербайжан жана Түркмөнстандын президенттери катыша турган самиит өткөрүү пландалууда. Ошону менен катар эки өлкө ортосунда экономика, энергетика, логистика жана транспорт жааттарында келишимдерге кол коюу караштырылууда.

Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү  2018-жылы төмөндөп кеткени менен 2019-жылы кайдаран жогорулап, 2020-жылы пандемияга карабастан жогорулоонун үсүтүндө болду.

Акыркы 30 жыл аралыгында Түркия Түркмөнстанда 50 миллиард долларга тете долбоорлорду ишке ашырды.

Түркия Өзбекстан менен дагы эки тараптуу ымаланы өнүктүрүүгө кызыктар. Самарканд шаарында ачылган Түркия Республикасынын консулдугу, пандемиядан кийин эки өлкө ортосундагы учак каттамдарын көбөйтүү чечими анын далили.

Өзбекстандын Самарканд, Бухара жана Хива шаарларында туризмди өнүктүрүү максатталып,  аны өнүктүрүү процессине түрк компаниялары активдүү катыша турган болууда. Бул эки мамлекет ортосундагы инвестиция жана туризм жаатындагы кызматташууну бекемдейт.

Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган 2021-жылы Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен барат деп күтүлүүдө. Иш сапардын алкагында экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө көнүл бурулат.

Тараптар эркин соода жүгүрүтүү боюнча келишимге жетишүүгө кызыктар.

Андан сырткары Өзбектсан Түркияда коргонуу тармагында өндүрүлгөн куралдарга, анын ичинен учкучсуз аба транспортторуна кызыгууда.

Министр Чавушоглу Өзбекстандагы сапарын жыйынтыктаган соң Кыргызстанга барды. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров өлкөгө расмий иш сапары менен келген Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну кабыл алды.

Чавушоглу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р. Казакаев менен жолугушту.

Жолугушууларда отуз жыл толо турган кыргыз-түрк дипломатиялык мамилелеринин деңгээлин мындан ары өнүктүрүүгө басым жасалды. Мевлүт Чавушоглу Кыргыз-түрк «Манас» Университетининин алдындагы  медициналык лабораториянын жана пункттун ачылышын жасады.

Пандемияга карабастан  эки өлкө ортосундагы  товар жүгүртүүнүн көлөмү төмөндөгөн жок. Бул жакшы көрсөткүч. Бирок алдыда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд. долларга жеткирүү максатталууда.

Ошондой эле «Маариф» фонду өлкөдө билим берүү борборлорун ача турган болду. Муну менен ФЕТӨнүн аймактагы таасирин азайтуу пландалууда.

Түркия менен Борбордук Азиядагы түрк мамлекеттери маданий тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасайт. Түрк Кеңеши, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы (ТҮРКПА), Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ), Түрк академиясы, Юнус Эмре институту (YEE), Чет өлкөлөрдөгү түрктөрдүн жана чектеш коомчулуктардын төрагалыгы (YTB), Түрк Кызматташтык жана Координация агенттиги (TİKA) уюмдары өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошуп келет.

Anahtar Kelimeler: Түркия Республикасынын Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан,

Жаңылыктар