Түркия жана Түркмөнстандагы окшош каньондор

Түркмөнстандын түндүк-батыш бөлүгүндө Балкан провинциясындагы Янгыкале каньону жана Анкаранын Наллыхан районундагы Кузужулар каньону кооздугу менен суктандырат

25 Şubat 2022 21:17

Түркмөнстандын Янгыкале каньону Түркиянын Кузужулар айылындагы каньонго абдан окшош.

Анкарага караштуу Наллыхан районунун борборунан 60 километр алыстыктагы Кузужулар айылына жакын жерде жайгашкан каньон- көркөмдүгү менен бир көргөн кишини кайдыгер калтырбаган ажайып жер.

Каньон жер алдындагы шаарды элестейт.

Ал эми Түркмөнстандагы Янгыкале каньону   аска-таштуу ландшафты менен өзгөчөлөнөт. Кочкул кызыл, сары, ак жана оттуу сары-кызгылт түстөр басымдуулук кылат.

Каньонунун бийиктиги 60-100 метрге чейин жетет. Аянтты 25 км.

Каньон, 5,5 миллион жыл мурун жоголуп кеткен Тетис деңизиндеги акиташтын эришинен улам пайда болгон.

Anahtar Kelimeler: Янгыкале каньону, Кузужулар айылындагы каньон, Түркия, Түркмөнстан,

Жаңылыктар