30

Түркияда "Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы-түрк дүйнөсүнүн аспаптары" аталыштагы иш-чара өттү

Самсун шаарында Ондокуз Майыс университетинде "Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы-түрк дүйнөсүнүн аспаптары" аталыштагы иш-чара болуп өттү

16 Aralık 2021 22:22

Маданий иш-чараны Ондокуз Майыс университетинин алдындагы Түрк тилин окутуу жана изилдөө борбору уюштурган. Иш-чара Ататүрк атындагы маданият борборунда өтүп, ага, үй ээси Түркия менен катар Кыргызстан, Казакстан жана Киркуктан келген өнөр адамдары катышты. Өнөрпоздор кылдуу аспаптарда ойноп, кечеге келгендерге көңүлдүү маанай тартуулашты.

Иш-чаранын алдында сөз сүйлөгөн Ондокуз Майыс университетинин ректору проф. докт. Явуз Үнал, музыка-маданияттын ажырагыс  бөлүгү экендигин баса белгилеп, салттуу музыканы коргоонун маанилүүлүгүнө токтолду.

Иш-чарага Түрк тилин окутуу жана изилдөө борборунун директору проф. докт. Бекир Шишман, академиктер жана аталган окуу жайдын студенттери катышты. 

 

Anahtar Kelimeler: түрк дүйнөсү,

Жаңылыктар