84

Түркияда полковник наамын алгачкы болуп алган аял учкуч Шенай Гүнай 84 жашка чыкты

Түркиянын тарыхында манилүү орунга ээ Шенай Гүнай 84 жашка толду. Ал - Түркияда полковник наамын алган алгачкы аял учкуч.

25 Nisan 2022 14:33

Шенай Гүнай башталгыч жана орто мектепти Антакияда аяктаган.

Стамбул университетинин юридикалык факультетинде 2-курста окуп жүргөн кезинде, аскердик мектепке жаш түрк кыздары алына баштаарын угуп, дароо тапшырган. 

Шенай Гүнайдын атасы Чанаккале, бир тууган агасы Корея согушуна катышып, ардактуу ардагерлер болгон.

Ал дайыма асманды кыялданчу

1956-жылдын 1-ноябрынан тарта Измирдеги Аскердик-авиациялык академияда билим ала баштаган. 

1958-жылы 30-августта прапорщик наамын алып, академияны ийгиликтүүү аяктаган.

Авиация тармагындагы билимин Измир жана Эскишехир шаарларында уланткан.

1960-жылы дүйнөдөгү алгачкы аял реактивдүү истребитель учкучтарынын катарына кирген.

Лейтенант учкуч наамын алган.

Төш белгисин сыймык менен тагынган

Авиациялык мектепте жалпы 12 кыз билим алса, алардын экөө гана окууну ийгиликтүү аяктаган. Түркиялык учкучтардын бул ийгилиги дүйнөнүн көңүлүн буруп, Шенай Гүнай Германиялык журналга чыккан.

Көп өтпөй Этимесгуттагы 12-аба базасынын командирлигине дайындалган. 

Шенай Гүнай Аскердик аба күчтөрүндө 23 жыл 9 ай 3 күн кызмат өтөгөн соң, 1980-жылдын 4-сентябрында ардактуу эс алууга чыккан.

Түркияда полковник деген ардактуу наамды алгачкы болуп алган Шенай Гүнай, учкуч гана эмес кесипкөй сүрөтчү. Андан сырткары жазуучулук менен алектенип, учурда, өзүнүн өмүр жолун чагылдырган автобиографиялык чыгарма жазууну максат кылууда.

Кыялынарды орундаткыла ‍

"Мен бир кыялымды орундаттым. Анткени аны орундатуу үчүн болгон аракетимди жумшадым. Жаштарга кайрыларым: кыялыңарды оорундаткыла! Бул үчүн күрөшкүлө! Эч качан багынбагыла!",- дейт ардактуу эс алуудагы полковник айым.

 

Жаңылыктар