Түркияга кирүүдө ПЧР-тест талап кылуу жокко чыгарылды

Түрк аба жолдору: өлкө аймагына кирүүдө коронавируска ПЧР-тест, антигенди аныктоо жөнүндө сертифкат талап кылуу жокко чыкты.

02 Haziran 2022 10:46

Түрк аба жолдору авиакомпаниясы Ички иштер министрлигинин чечимине ылайык, өлкө аймагына кирүүдө коронавируска ПЧР-тест, антигенди аныктоо жөнүндө сертифкат  талап кылуу жокко чыкканын жарыялады.

Билдирүүдө төмөнкүчө белгиленген:

"Ички иштер министрлигинин чечимине ылайык, өлкөгө кирээрден мурун талап кылынган ПЧР тестин корутундусу жана эмдөө жөнүндө сертифкат мындан ары талап кылынбайт. Сапарыңыз байсалдуу болсун!".

 

 

Жаңылыктар