Түркиялак альпинисттер Хожалы шейиттери үчүн Хача тоосунун чокусуна чыгышты

Түркиялык альпинисттер Нахчывандагы Хача тоосунун чокусунда 1992-жылдын 26-февралында Хожалы шаарында шейит кеткен 613 Азербайжандык жарандын жаркын элесин эскеришти.

22 Şubat 2021 16:02

Түркиянын альпинизм жана жаратылыш спорт клубу, Азербайжан Республикасынын,Тил, тарых жана маданият боюнча ассоциациясы, Азербайжан Республикасынын Карс шаарындагы башкы консулдугу Хожалы кыргыны учурунда курман болгон жарандардын жаркын элесине арналган эскерүү иш-чарасын уюштурду.

Иш-чара алкагында Түркиялык 15 альпинист Нахчиванга барды. Хача тоосунун бийиктеги чокусуна чейин чыгышып, шейиттерди эскеришти.

Алар, тоонун чокусунда «Хожалы шейиттерин сый-урмат менен эскеребиз» деген ураанды жана Түркия менен Азербайжандын желектерин көтөрүп жүрүштү.

Альпинизм жана жаратылыш спорт клубунун башкы директору Орхан Козан бул иш-чара 6 жылдан бери салттуу түрдө өткөрүлүп келе жатканын маалымдады.  Азербайжандын Тоолуу Карабактагы жеңишине кубанып турганын айтты. Карабак жана Хожалы Азербайжанга таандык экенин баса белгилеп, «Азербайжандын Карабактагы жеңиши түрктөрдү бөлүп, бүлгүнгө учураткысы келгендерге жакшы жооп болду»-, деди.

Жаңылыктар