Түркиялык жана Азербайжандык окуучулар онлайн иш-чарага катышты

Түркиялык жана Азербайжандык окуучулар «Карабактан Эдирнеге көңүл көпүрөсү" аталыштагы долбоордун үстүндө иштөөдө

21 Şubat 2021 22:45

Түркиялык жана Азербайжандык окуучулар «Карабактан Эдирнеге көңүл көпүрөсү" аталыштагы долбоордун үстүндө иштөөдө. Эдирне шаарынын Билим Берүү башкармылыгынын маалыматына караганда Түркиялык 10 жана Азербайжандык 9 мугалим жетектей турган долбоордун бет ачаар аземи, пандемияга байланыштуу онлайн форматта өттү.

Азем алкагында долбоордун негизги жоболору танытылды. Иш чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Долбоор, Карабак аймагы менен Эдирне облусунун маданий мурастарын танытууну жана эки өлкө ортосундагы боордоштук мамилени жаш муундарга жеткирүүнү көздөйт.

Долбоор алкагында Эдирне аймагынын символуна айланган Рубиа өсүмдүгү, дүйнөгө таанымал Карабак күлүктөрүн таптоо өнөрү танытылат. Андан сырткары «Улуттук эгемендик жана балдар майрамынын» урматына биргелешкен иш-чаралар уюштурулат. Ощондой эле Эдирне шаарындагы Фатих көпүрөсү жана Балкан согушунда курман болгон аскерлер үчүн тургузулган эстеликтер танытылат.

Аземге, Эдирне шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Өндер Арпажы, Маданият жана туризм  боюнча облустук директору Кемал Сойтүрк, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Жаңылыктар