1-id

Түркиялык жарандар 1-апрелден тарта Азербайжанга ID-карта менен кире алышат

Түркиянын жарандары Азербайжанга Азербайжандын жарандары Түркияга ID-карта менен саякаттоого мүмкүнчүлүк алышты.

29 Mart 2021 13:49

Түркиянын жарандары 1-апрель 2021-жылдан тартып Азербайжандын аймагына ички паспорт же башкача айтканда ID карта менен кире алышат. Бул туралуу Түркия Республикасынын  Тышкы иштер министрлиги билдирди.  Ошол эле учурда Азербайжандын жарандары Түркияга ID-карта менен саякаттоого мүмкүнчүлүк алышты.

Министрликтин маалыматына караганда "2020-жылдын 10-декабрында Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү ортосунда кол коюлган келишимди эки тарап тең ратификациялады. Эми мындан ары жарандар паспорту жок эле саякаттай алышат.

«Азербайжан менен Түркия ортосунда 2021-жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кире турган жаңы жобо эки мамлекет ортосундагы бир туугандык байланыштарды бекемдейт»,- деп айтылат билдирүүдө.

Anahtar Kelimeler: Түркия, Азербайжан, ID-карта менен саякат,

Жаңылыктар