16

Түркиянын 16 пайызы вулкандардан турат

Түркияда активдүү он вулкан бар.  Алар учурда уктап жатканы менен келечекте геологиялык жактан кайра жанданышы ыктымал.

18 Şubat 2022 18:38

Үстүбүздөгү жылы Тынч океанда күчтүү вулкан атылды. Тонга вулканы Жердин айланасындагы асманды солкулдатып, кичинекей «атмосфералык цунами» жаратты. Жыл сайын дүйнөдө буга окшогон бир нече вулкан атылып турат.

Жанар тоо, вулкан — терең жаракалар аркылуу жер кыртышынын түпкүрүнөн көтөрүлүп чыккан балкыган ысык магманын кыймыл-аракетинен пайда болгон конус сымал дөбө. Магманын курамында өтө жогорку температурадагы газ, суу буусу,ыш, түтүн, күл, талкаланган кесек тектер, эриген абалдагы минерал заттар (лава) көп санда кездешет. Мезгил-мезгили менен жер бетине атылып чыгып турат. 

Түркияда абдан активдүү вулкандар бар.  Чанактан лава агып чыгып, үйдөй таштар, жанар тоо бомбаларын асманга атпаса да айрымдары тынымсыз аракетте.

Түркиядагы вулкандар атылышы мүмкүнбү? Конья техникалык университетинин геологиялык инженерия бөлүмүнүн мугалими проф. докт. Күршад Асан жооп берет.

Түркияда 10 активдүү вулкан бар

Түркия Альп-Гималай орогендик алкагынын тектоникалык алкагынын бир бөлүгү. Өлкө аймагында жанар тоолордун ар кандай түрлөрү бар. Жанар тоолор Түркиянын жалпы аянтынын 16 пайызын камтыйт.

Өлкө аймагындагы активдүү вулкандар төмөнкүлөр:

Ажыгөл (Невшехир),

Агры Дагы (Ыгдыр-Агры),

Эржиес Тоосу (Кайсери),

Гөллүдаг (Нигде),

Хасан Тоосу (Аксарай),

Каражадаг (Шанлыурфа-Диярбакыр),

Карапынар (Конья),

Кула (Маниса),

Немрут Тоосу (Битлис ), Тендүрек тоосу (Агры).

“Вулкандык активдүүлүктү алдын ала болжосо болот”

Проф. докт. Күршад Асандын айтымында вулкандык активдүүлүктү алдын ала болжосо болот. Жанар тоодон чыккан газ агымы жана аймактагы жылуу суулар вулкандык активдүүлүктүн эң маанилүү белгиси.

Вулкандык активдүүлүк бир күндө эле пайда болбойт. Ар кыл изилдөөлөрдүн натыйжасында процессти кадам сайын байкоого болот.

Теориялар менен илимий тажрыйбалардын натыйжасында жер кыртышынын астындагы магманын бар экендиги тастыкталганда, жанар тоолордун табигаты түшүнүктүү болот.

Жанар тоо – бул, жер кыртышын түзгөн тектердин аракетинен улам басым алдында болгон магманын сыртка атылып чыгышы.

Магманын аракетинен улам энергиялык чыңалуу болот да, акырындап отуруп ал чегине жеткенде тышка карай жол издей баштайт. Ошентип, көпкө «уктаган» жанар тоолор атылып чыгат. Көптөгөн вулканологдордун айтуусуна караганда, жанар тоонун аракетке келишинин ички себептерине таасир эткен тышкы себептер да бар.

Вулкандык активдүүлүктү алдын ала болжосо болот. Болжолдоо процесси өнүккөн технологиялык изилдөө институттарында ишке ашырылат. Активдүү вулкандар геологиялык жана геофизикалык ыкмалар менен көзөмөлдөнөт.

Түркияда активдүү вулкандарга байкоо жүргүзүү керек

Түркияда абдан активдүү вулкандар бар.  Чанактан лава агып чыгып, үйдөй таштар, жанар тоо бомбаларын асманга атпаса да айрымдары тынымсыз аракетте. Түркиядагы вулкандар азыр уктап жатканы менен кийин атылып атылышы мүмкүн. Анткени алар активдүү вулкандар. Бирок бул-вулкандар жакынкы келечекте кыйраткыч атылып чыгууларга алып келиши мүмкүн дегенди билдирбейт. Андыктан жанар тоолордун айланасында жашаган адамдар дүрбөлөңгө түшпөшү керек.

Акыркы жылдары аймакта жер титирөөлөр көп катталып келет. Жер титирөөлөр жанар тоолордун жарылышына алып келиши мүмкүнбү деген суроого Күршад Асан төмөнкүчө жооп берди.

«Жанар тоонун атылышы менен жер титирөөнүн ортосунда тыгыз байланыш бар. Жердин ички тектоникалык катмарынын сырткы күчтүн таасири менен деформацияланышы жана ички басымдын көбөйүшү, жер кыртышында кубаттуу толкундарды пайда кылат да жанар тоонун аракетке келүүсүнө себеп болот. Натыйжада жер титирейт. Айрым учурда тескерисинче, жер титирөөдөн улам жанар тоолор аракетке келип, атылып чыгат. Бирок аймактагы жер титирөөлөр деталдуу изилденбей туруп, жанар тоонун атылышына алып келет деп айтуу спекуляциялык аракет болмокчу».

Anahtar Kelimeler: Түркия, вулкан,

Жаңылыктар