Түркиянын Бирги аймагында археологиялык казуулар уланууда

Бирги аймагына адамдар б.з.ч. 750-жыл мурда эле отуракташа баштаган. Аймакта Фригия, Лидия цивилизациялары, Перс, Пергамон падышалыктары, Рим, Византия империялары, Айдыноулдары княздыгы жана Осмон дөлөөтүнөн калган тарыхый издерди көрүүгө болот.

25 Aralık 2021 17:48

Бирги аймагында Айдыногулдары доорунда калыптанган архитектуралык түзүлүш сакталып калган. Бул өзгөчөлүгү менен аталган аймак 2012-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын алдын ала тизмесине киргизилген. Аймактагы тарыхый балуулуктар туристтерди өзүнө тартып, ар кыл көркөм тасмаларда чагылдырылып келет.

Аталган аймакта Т.Р. Маданият жана туризм министрлигинин уруксаты менен Өдемиш музей директорлугу арехологиялык казуу иштерин баштаган.  Казуулардын максаты-Византия дооруна таандык сепил жана дубалдарды чыгаруу.  Азыркыга чейин археологиялык казуулардан айрым тарыхый экспонаттар табылып, алар, музейге тапшырылган.

Казуу иштеринин илимий кеңешчиси проф. докт. Вели Севин баса белгилегендей, аймакта табылган табылгалар, туризмдин өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот. Тарыхта бул аймакта 6 гектар аянтты ээлеген эбегейсиз зор сепил болгон. Учурда алардын жарым-жартылайы гана көрүнүп турат. Археологиялык казуулардын натыйжасында дубалдардын калган бөлүгүн табуу максатталууда.

Анын айтымында, сепил, бийиктиги 8-9 метр келген таштардан салынган. Византиялыктар түрктөрдүн жоортуулдарынан сестене баштаган мезгилде курулган. Башкача айтканда сепил түрктөрдөн коргонуу максаты менен салынган. Буга окшогон сепилдерди бир гана Биргиде эмес, Кираз, Бейдаг райондорунда жана Балабанлы,  Гүнлүже конуштарында кездештирүүгө болот. Сепилдер, коргонуу максатында гана салынгандыктан кооздолгон эмес.

 

 

Anahtar Kelimeler: Бирги, Археологиялык казуулар,

Жаңылыктар