Түркиянын чет тилдердеги расмий аталышы өзгөрдү. Мындан ары өлкөнүн чет тилдердеги расмий аты "Turkey"  (Түркей) эмес "Түркия" болот.

Түркия БУУга Түркиянын чет тилдердеги аталышын өзгөртүү талабы менен кайрылып, ал кабыл алынды.

02 Haziran 2022 10:12

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлут Чавушоглу Түркиянын чет тилдердеги атын "Turkey"  (Түркей) эмес "Түркия" деп атоону талап кылып, БУУнун башкы катчысы Антонио Гуттерешке кайрылган. Улуттар уюму Түркиянын бул талабын кабыл алды. Бул туралуу  уюмдун өкүлү Стефан Дужарич билдирди. Ошентип Түркиянын расмий аталышы чет тилдерде да "Түркия" боло турган болду. 

Эске сала кетсек, М. Чавушоглу мындан бир канча күн мурда, өлкө Президенти Р. Т. Эрдогандын демилгеси менен Түркиянын чет тилдердеги атын өзгөртүү талабы менен БУУга расмий кат жолдогонун маалымдаган. Мындай чечим Түркиянын брендин жогорулатуу үчүн кабыл алынган.

 

Жаңылыктар