Түркиянын Карс шаарында Хожалы кыргынынын курмандыктары эскерилди

Азербайжандын Хожалы шаарында 1992-жылы 613 кишинин өмүрүн алган кыргынга 30 жыл толду. Карста кыргындын курмандыктары эскерилди

22 Şubat 2022 17:13

Эскерүү иш-чарасы Гейдар Алиев атындагы сейил бакта өттү. Катышуучулар эстеликке гүл коюшту.

Эскерүү программасы,  Маданият жана туризм  министрлигинин  облустук башкармалыгынын жыйындар залында уланып, шейиттер үчүн куран окулду.

Карс облусунун губернатору жана мэрдин орун басары Түркер Өксүз бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Хожалы кыргынын «тарыхтын эң азаптуу барагы» катары баалады.

Кыргын мыйзамсыз жана адамкерчиликсиз түрдө ишке ашканын баса белгилеп, жабырлануучулардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү конфискацияланганын эске салды.

«Аймакта этникалык тазалоо, тилекке каршы өзүн «цивилизациялуу» деп атаган дүйнөнүн көз алдында ишке ашты. Хожалыда жана дүйнөнүн ар кайсы аймактарында каза болгон боордошторубузга Жараткан Алладан ырайым тилейм. Бейкүнөө түрк коомчулугуна тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм»,-деди ал.

Ал, 2020-жылы 44 күнгө созулган согуштун натыйжасында Армения басып алган Карабактагы аймактар бошотулганын эскертип, «бул жеңиш баарыбызды кубандырды, сыймыктандырды. Эки өлкөнүн кайгысы да, кубанычы да орток»,- деп белгиледи.

Түркер Өксүз, Түркия менен Азербайжан тарыхта ар дайым дос жана боордош болгонун белгилеп, эки өлкө ортосундагы достук, бир туугандык жана стратегиялык өнөктөштүк түбөлүккө улана турганына ишеним билдирди.

«Карабактагы аймактар баскынчылыктар бошотулду»

Иш-чарага катышкан Азербайжандын Карстагы башкы консулу Нуру Гулиев, Хожалы кыргынын унутпоо керектигине көңүл бурду.

«Советтер Союзунун армиясынын колдоосуна ээ болгон Армения кыштын ызгаар суугунда элибизди кыргынга учураткан. Кары-жашы, бала, аял дебей кырып; ал тургай кош бойлуу аялдардын курсагын кесип өлтүрүшкөн. Элибиз бир гана Хожалыда эмес, Карабакта да курман болгон. Кудайга шүгүр, 44 күндүк согуштун натыйжасында Карабактагы жерлер баскынчылардан бошотулду»,-деди ал.

Эскерүү иш-чарасы алкагында ырлар көркөм окулуп,кыргын боюнча видео-сюжет көрсөтүлдү.

 

 

 

Anahtar Kelimeler: Хожалы кыргыны,

Жаңылыктар