Түркиянын Хатай облусунда ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун сейил багы ачылды

Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын Түркиядагы элчилери Хатай облусунун Эрзин районунда ачылган ТҮРКСОЙ сейил багынын ачылышына катышышты.

02 Nisan 2021 23:47

Түркиянын Хатай облусунда ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун сейил багы ачылды. Сейил бактын ачылыш аземи Түркия, Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын улуттук гимндеринин аткарылышы менен башталды.

Хатай шаарынын мэри Лүтфи Саваш аземде сүйлөгөн сөзүндө боордоштук ымалага басым жасады.

«ТҮРКСОЙ сейил багы түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы байланышты чыңдоого салым кошот»,- деди ал.

Түрк элдери ортосундагы ырашкерликке ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дүсен Касеинов да басым жасап, «Хатай шаарында ТҮРКСОЙ сейил багынын ачылышы жана ал жакта түрк тилдүү мамлекеттердин желектеринин желбиреши – биздин элдердин ортосундагы кыйышпас бир туугандыктын белгиси»,- деди.

Өз кезегинде боордоштук мамиленин чыңдалышына салым кошуп, сейил бакты ачууга колдоо көрсөткөн ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө мамлекеттердин Түркиядагы элчилерине, тийиштүү мекемелерге жана жарандарга ыраазычылык билдирди.

Түркия менен Азербайжан ортосундагы достук болуп көрбөгөндөй өнүгүүдө

Азербайжан Республикасынын Түркиядагы элчиси Хазар Ибрахим түрк жана азербайжан элдери эки башка мамлекет болгону менен бир улуттун балдары экендигин баса белгилеп, акыркы жылдары Түркия менен Азербайжан ортосундагы достук болуп көрбөгөндөй өнүгүп жатканын айтты.

«Президенттерибиздин жетекчилиги менен эки өлкө ортосундагы достук улам алдыга жылууда. Бир улут эки мамлекеттин атуулдары катары мыкты иштерди аткарып, дүйнөгө жар салып жатабыз. Мен Түркияда өзүмдү конокто жүргөндөй эмес, үй ээси катары кабылдайм. Бардык иш аракеттер бир ураандын астындаиш ашууда. Түрк болуу кандай бакыт!»,- деди ал.

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Өзбекстан Республикасынын Түркиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алишер Азамкожаев жана Түркмөнстан Республикасынын Түркиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ишанкули Аманалиев сейил бактын ачылышына салым кошкондорго ыраазычылык билдиришти.

ТҮРКСОЙ сейил багы салтуу мехтер бийи аткарылган соң ачылды.

Anahtar Kelimeler: ТҮРКСОЙ сейил багы, үркия, Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан,

Жаңылыктар