Түркиянын Хатай шаарында шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Хатай облусундагы сүрөт көргөзмөнүн ачылышына катышты.

02 Nisan 2021 15:31

Хатай шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды. Көргөзмөнүн ачылышына Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Азербайжандын Түркия Республикасындагы элчилери катышышты.

Хатай облусунун губернатору Рахми Доган түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы ынтымакка жана биримдикке басым жасап, түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы байланышты мындан ары өнүктүрүү зарыл экендигин баса белгиледи. Өз кезегинде сүрөт көргөзмөнүн ачылышына келип, боордоштук ымаланы чыңдаган элчилерге ыраазычылык билдирди.

Ал эми ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дүсен Касейинов байыркы цивилизациянын шаары деп эсептелген Хатай шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөнүн ачылып жатышы чоң кубаныч экендигин баса белгиледи.

«Көзкарандысыз мамлекеттерибиздин акыркы 30 жылдагы жетишкендиктери биз үчүн чоң сыймык. ТҮРКСОЙ эл аралык уюму уюмга мүчө мамлекеттерден кубат алып, элдерибиздин ортосундагы маданий жана көркөм өнөктөштүктү өркүндөтүүгө багытталган көптөгөн долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн зор күч-аракеттерди жумшоону улантат»,-деди ал.

Өз кезегинде боордош мамлекеттерге колдоо көрсөткөн Түркияга ыраазычылык билдирди. Бир туугандык байланыштар күн өткөн сайын чыңдалып, жаңы долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгын баса белгиледи.

Азербайжан Республикасынын Түркиядагы элчиси Хазар Ибрахим түрк жана азербайжан элдери бир улут, эки мамлекет экендигин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев мындан туура 30 жыл мурун тарыхта жаңы барак ачылып, түрк тилдүү мамлекеттер өз эркиндигин, эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын жарыялагандыгын баса белгиледи.

Өзбекстан Республикасынын Түркиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алишер Азамкожаев жана Түркмөнстан Республикасынын Түркиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ишанкули Аманалиев дагы боодоштукка, биримдикке жана тилектештикке басым жасашты.

«Түрк тилдүү мамлекеттердин көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы» деп аталган сүрө көргөзмөнү эл аралык ТҮРКСОЙ уюму жана Хатай муниципалитети уюштурган.

Көргөзмөгө түрк дүйнөсүнүн алдыңкы сүрөтчүлөрүнүн каламынан жаралып, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын жаратылышын, тарыхый жана архитектуралык имараттарын, пейзаждарын, маданиятын жана искусствосун чагылдырган сүрөттөр коюлган.

 

 

Anahtar Kelimeler: Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжандын, Азербайжан,

Жаңылыктар