Түркиянын Конья шаарындагы Селжук университетинде «Кыргызстан жана Чыңгыз Айтматов» аталыштагы иш-чара өттү

Иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана Чыңгыз Айтматовдун 93 жылдыгына арналган.

15 Aralık 2021 20:57

«Кыргызстан жана Чыңгыз Айтмотов» аталыштагы иш-чараны Түркиядагы Кыргызстандык студенттер биримдиги уюштурган. Маданий иш-чара Султан Алпарслан атындагы маданий борбордо өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Селжук университетинен ректору проф. докт. Метин Аксой, окумуштуулар, студенттер жана Конья шаарындагы Кыргызстандыктар катышты.

Селжук университетинен ректору проф. докт. Метин Аксой  «Кыргызстандын эли-жерин, ал жерде жашаган элдин жашоо турмушун жана   маданиятын Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу таанып билдик. Анын жаркын элесин эскерүү биз үчүн чоң сыймык»,-деп баса белгиледи.

Өз кезегинде Кыргызстанды эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен кутуктады.

«Эгемендүү Кыргызстандан келген студенттердин биздин окуу жайда билим алып жатышына кубанычтабыз»,-деди ал.

Чыңгыз Айтматов бүтүндөй түрк элдеринин сыймыгы

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Айтматовдун чыгармачылыгы туралуу айтып берди.

«Залкардын бардык чыгармалары түрк тилине которулган. Анын чыгармаларын китепканалардан, китеп дүкөндөрүнөн оңой эле табууга болот. Чыңгыз Айтматов-чыгармалары дүйнөдө көп басылып чыккан классиктердин бири болуп эсептелет. Анын чыгармалары дүйнөнүн 176 тилине которулган. Залкар жазуучу, дүйнөлүк адабияттын өнүгүшүнө да барандай салымын кошкон. Чыңгыз Айтматов бүтүндөй түрк элдеринин сыймыгы. Анын чыгармаларындагы философиялык, адеп-ахлактык, социалдык маселелер бүгүнкү күндө да актуалдуу»,- деди элчи мырза.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан туралуу видео-ролик көрсөтүлдү. Студенттер, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде даярдалган чакан театралдык оюн көрсөтүп беришти.

 

Anahtar Kelimeler: «Кыргызстан жана Чыңгыз Айтмотов»,

Жаңылыктар