Түркиянын коргонуу өнөр жайы: экспорт көбөйдү

Филиппиндер Республикасы Түркиянын «атак» тик учагын алды. Ошентип аталган тик учак алгач ирээт чет өлкөлүк армиянын инвентаризацияна кирди.

06 Nisan 2022 14:26

 

Филиппиндер Түркиядан 2 «атак» тик учагын алды. Өлкөнүн борбор шаары Манилада «атак» тик учактарын тапшыруу аземи өтүп, ага, Түркия Республикасынын Коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир катышты. Азем алкагында Атак тик учагынын өзгөчөлүктөрдү танытылды.

Исмаил Демир аземде сүйлөгөн сөзүндө, «атак» тик учагы-өз үлгүсүндөгү тик учактардын ичинен эң мыктысы экендигин баса белгиледи.

Ал, Түркия менен Филиппиндер, коргоо өнөр жай тармагында өз ара кызматташуу боюнча 2018-жылы келишимге жетишкенин эске салды. «Атак» тик учагы дал ушул келишимдин негизинде Филиппиндерге тапшырылганын айтты. «Атак» тик учагын Филиппиндерге тапшыруу Түркия үчүн чоң сыймык экендигин баса белгиледи.

Филиппиндерге дагы 6 тик учак тапшырылат

Түрк авиация жана космос өнөр-жайынын (TUSAŞ) башкы директору Темел Котилдин айтымында Филиппиндерге бул жылы дагы 6 тик учак тапшырылат. Дагы башка тармактарда келишимдерге кол коюлушу мүмкүн. Алсак Филиппиндер кошумча сунуштар менен Түркияга кайрылды. Учурда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Анын айтымында «атак» тик учагына кызыккан өлкөлөрдүн саны арбын. Алсак, Пакистанга экспорттолуучу 30 тик учактын экспорттук лицензиясы даярдалууда.

Котил баса белгилегендей «атак» тик учагы дүйнөдөгү алдыңкы тик учактардын катарын толуктайт. Кыймылдаткычы абдан күчтүү, авионикалык жана курал системалары заманбап технологиялар менен өндүрүлгөн. Аны РОКЕТСАН, АСЕЛСАН жана ХАВЕЛСАН компаниялары биргелеше өндүргөн.

Котил баса белгилегендей, Түркия «Анка», Хүркуш», «Гөкбей» учактарын да экспорттоону караштырууда.

АСЕЛСАН «Гөкдениз» деп атлаган абадан коргонуу системасын экспорттону караштырууда

АСЕЛСАНдын Башкаруу Кеңешинин төрагасы жана башкы директору Халук Гөргүндүн айтымында Түркияда өндүрүлгөн улуттук апараттар акыркы жылдары, чет өлкөлөргө көбүрөөк экспорттоло баштады. АСЕЛСАН «Гөкдениз» деп атлаган абадан коргонуу системасын экспорттону караштырууда.

«Атак» тик учагынын куралдарын РОКЕТСАН өндүрөт

РОКЕТСАНдын башкы директору Мурат Икинжи, «атак» тик учагын түрк коргонуу өнөр-жайынын сыймыгы деп атады. Тик учакты Филиппиндердин асманында көрүү чоң сыймык экендигин баса белгиледи.

Ал «атак» тик учагынын ок дарыларын РОКЕТСАН өндүрөрүн маалымдады.

 

 

 

Anahtar Kelimeler: атак,

Жаңылыктар