Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөттү

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Догандын жубайы Мария Доган жана элчиликтин кызматкерлери Бишкектеги Үмүт борборунда болуп, балдар менен баарлашып кайтты.

23 Nisan 2022 11:53

Мария Доган жана элчиликтин кызматкерлери ТИКАнын рамазан айына арналган белектерин балдарга тапшырды.

Иш чарага ТИКАнын Бишкектеги өкүлү Осман Уста да катышты.

Мария Доган ыйык айда балдарга колдоо көрсөтүү жана ларды кубандыруунун маанисинк токтолду.

Ал эми Осман Уста Рамазан айы тилектештиктин, жардамдашуунун айы экенин баса белгиледи.

Борбордун директору Игорь Шелике, реабилитациялык борбордогу балдар кайрымдуу жарандардын жардамынын аркасы менен тийиштүү кызматтарды алып жатканын белгиледи.

Мария Доган жана элчиликтин кызматкерлери балдар менен интерактивдүү оюндарды ойноп, сүрөт тартышты.

Борбордун кызматкерлери Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине ыраазычылык билдиришти.

ТИКА буга чейин аталган борборго эмерек алып берип, имаратты оңдоп түзөөдөн өткөргөн.

Жаңылыктар