Түркиянын Маариф фонду Кыргызстанда ооз ачуу тамагын берди

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында иш алып барган “Маариф” фонду ооз ачуу тамагын берди.

01 Mayıs 2022 13:05

Ооз ачуу тамагына Түркиянын «Маариф» фондунун президенти проф. докт. Бирол Акгүн, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) ректору проф. докт. Алпаслан Жейлан, проректору проф. докт. Асылбек Кулмырзаев, Чыңгыз Айматовдун үй-бүлөсү, министрлер, түрк мекемелеринин өкүлдөрү жана окуучулардын ата-энелери катышты.

Манас университетинин Түрк дүйнөсү музыкалык оркестри жана көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн студенттери меймандарга суфий музыка тартуулады.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган жалпы меймандарды орозо айы менен куттуктады. Өз кезегенде Маариф фонду Кыргызстандын келечегине салым кошо турган билимдүү жаштарды тарбиялоону максат кылаарын баса белгиледи. Ошондой эле Бишкекте "Маариф" мектебин ачууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Биздин мектеп ачылганына 1 жыл болгону менен кыргыз-түрк боордоштугу 1000 жылдык

Түркиянын «Маариф» фондунун төрагасы Бирол Акгүн Бишкектеги «Маариф» билим берүү комплекси ачылганына бир жыл толду, бирок түрк-кыргыз боордоштугуна миң жылдык»,- деди. Өз кезегинде мектептин ийгиликтерине токтолду.

Түркиянын «Маариф» фонду 49 өлкөдө 50 миң студентке сапаттуу билим берүү кызматын көрсөтүп жатканын кошумчалады.

 

 

Жаңылыктар