Түркиянын маданияты жана искусствосу жалпы мурастын ажырагыс бөлүгү

Башкы кеңсеси Тегеранда орун алган Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Маданият институнун Тажикстандык төрагасы Сарвар Бахри, уюмга мүчө мамлекеттер ортосундагы маданий балйланыштар туралуу баяндама жасады.

01 Mart 2021 14:05

Башкы кеңсеси Тегеранда орун алган Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Маданият институнун Тажикстандык төрагасы Сарвар Бахри, уюмга мүчө мамлекеттер ортосундагы маданий балйланыштар туралуу баяндама жасады.

Ал Түркия жана түрк тилдүү өлкөлөр көөнө мурастарга бай экенин айтып,  Түркиянын маданияты жана искусствосу, жалпы мурастын ажырагыс бөлүгү экенин баса белгиледи.

Бахри баса белгилегендей Түркия маданий балуулуктарга бай өлкө. Андыктан Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Маданият институнда активдүү роль ойноп, маданий байланыштарды кеңейтүүдө салым кошушу керек.

«Түрк, фарс, тажик, өзбек жана иран маданиятын бири-биринен бөлүп кароого болбойт. Тарыхта бул элдер бирин-бири толуктап, бири-биринен сабак алып, байланышып турган. Ошентип, бул элдер адамзатка кайталангыс мурас тартуулаган. Тилекке каршы азыркы күндө бир катар жарандар орток маданиятыбыз бар экенин билишпейт»,- дейт Сарвар Бахри.

Ал, нооруз майрамын бергелеше майрамдоо аркылуу элдер ортосундагы мамилени өнүктүрүүгө болоорун кошумчалады.

Сарвар Бахри Экономикалык Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттер ортосундагы экономикалык карым-катнаштарды жакшыртуу үчүн маданий жакындыкты камсыз кылуу зарыл экенин баса белгиледи. Ошондой эле илимий, маданий жана коомдук байланыштарды өнүктүрүү зарыл экенин кошумчалады.

Экономикалык Кызматташтык Уюму (ЭКУ) - аймактык уюм болуп саналат жана ал 1985-жылы Иран, Пакистан жана Түркия тарабынан мүчө-мамлекеттердин ортосундагы экономикалык, техникалык жана маданий кызматташууну алга жылдыруу максатында түзүлгөн.

Иран, Пакистан, Түркия, Ооганстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан Экономикалык Кызматташтык Уюмуна мүчө болуп саналышат.

Жаңылыктар