Түркиянын мамлекеттик гимнинин автору Мехмет Акиф Эрсойдун элеси унутулбайт

Бүгүн, 12-мартта Түркия Республикасынын мамлекеттик гимни кабыл алынганына 101 жыл толду. Гимндин автору, белгилүү акын Мехмет Акиф Эрсойдун жаркын элеси эч качан унутулбайт.

12 Mart 2022 14:18

Мехмет Акиф Эрсой 1873-жылдын 20-декабрында Стамбулдун Фатих районунда туулган.

Фатих районундагы мектепте 2 жыл Куран боюнча сабак алган. 1879-жылы Фатих Эмир Бухари мектебинде билимин уланткан. 1882-жылы Фатихтеги борбордук орто мектепке кирген.

Атасы Мехмет Тахир Фатих медресенин мугалими болгон. Мехмет атасынын араб тилин, медреседен перс тилин үйрөнгөн. 

Мехмет Акиф Эрсой мектепте окуп жүргөндө эле ыр жаза баштаган

Мехмет Акиф Эрсой орто мектепте окуп жүргөндө эле поэзияга кызыгып, ыр жаза баштаган.

Физули акындын «Лайли жана Мажнун» чыгмармасын өзгөчө берилүү менен окуган.

1885-жылы белгилүү акын Муаллим Нажиден адабият сабагын алган. 

1893-жылдары ветеринардык техникумда окуган.

Алгачкы ырларын гезитке чыгарып, кийин 10 жылдай жарык көргөн эмес.

Техникумда окуп жүргөндө спорттун бир катар түрлөрүнө кызыгып, сууда сүзүү, күрөш боюнча мелдештерге катышкан. 

Алгачкы чыгармасы 1893-жылы жарык көргөн

Мектепте окуп жүргөндө эле поэзияга кызыга баштаган Мехмет Акиф Эрсой "диван" адабиятына (осмон классикалык адабияты) кызыгып, анын таасири менен досторуна ыр түрүндө дилбаяндарды жазган.

1898-жылы Мехмет Эмин Бейдин кызы Исмет айым менен үйлөнгөн. 3 кыз 3 уулдун атасы. Уулдарынын бирөө 1,5 жашар кезинде чарчап калган.

1906 жана 1907-жылдары айылдык мектептерде сабак берген. 1908-жылы ал эки журналга мисирдик акындардын ырларынын котормолорун жарыялаган. Эшреф Эдип чыгарган «Сырат-ы мүстаким» журналынын башкы редактору болуп иштеген.

Сафахат ыр жыйнагы

Эрсой салттуу чыгыш адабиятын жакшы билген, Виктор Хүго, Эмиль Зола, Жан-Жак Руссо, Альфонс де Ламартин сыяктуу батыш жазуучуларынын чыгармаларын сүйгөн. Ал "Сафахат" (1911) аттуу ыр жыйнагы менен белгилүү.  Чыгарма 7  томдон турат. 

Биринчи дүйнөлүк согуш боюнча көз караштарын камтыган "Эскерүүлөр"  чыгармасы 1917-жылы, "Асымдан кийин" чыгармасы 1924-жылы "Көлөкөлөр"  чыгарммасы 1933-жылы жарык көргөн.

Куран китебин түрк тилине которгон. Бирок анын жыйынтыгана канааттанбай, келишимди токтотуп, аны жарыялаткан эмес.

Акын Түркиянын мамлекеттик гимни үчүн поэзия сынагында жеңүүчү болгон. Гимндин тексти 1921-жылы 12-мартта Улуу Улуттук Жыйында бекитилген. Акын бул чыгармасын түрк элине белек кылып, аны "элдин ыры" деп баалап, ыр жыйнагына киргизген эмес.

Парламентте депутат болуп шайланган

Акын саясатка да аралашып, Түркиянын биринчи чакырылыштагы парламентине депутат болуп шайланган. 

1930-жылдары боор цирозу менен ооруп калган.

1936-жылы 27-жылы Стамбулда каза болгон.

 Вефа сыйлыгына татыган

2018-жылы "Вефа" сыйлыгы ыйгарылган.

2019-жылдын 20-27-декабрында "Мехмет Акиф Эрсойду эскерүү жумалыгы" өткөн.

2021-жыл Президент Режеп Таййип Эрдогандын жарлыгы менен "Улуттук гимн жана Мехмет Акиф жылы" деп жарыяланган. Жыл бою Түркиянын аймагында акынды эскерүү иш-чаралары уюштурулган.

 

Anahtar Kelimeler: Мехмет Акиф Эрсой, Түркия, Мамлекеттик гимн,

Жаңылыктар