Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Казакстандагы кырдаалды бир канча мамлекеттин лидери менен талкуулады

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмунун төрагасы катары уюмга мүчө мамлeкеттердин лидерлери менен телефондон сүйлөштү

07 Ocak 2022 12:15

Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдоган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда негизинен Казакстандагы саясий кризис талкууланганы кабарланды.

Эрдоган  Токаев менен болгон сүйлөшүүсүндө Казакстандагы кырдаалга жана болуп жаткан окуяларга жакындан көз салып турганын, ошондой эле Казакстанда жаңы өкмөттүн тез арада түзүлүшү жана чыңалуунун кыска убакытта токтотулушуна тилектеш экенин айтты.

Өз кезегинде жаралуулардын тез сакайып кетишине тилектештигин билдирип, көз жумгандардын жакындарына көңүл айтты.

Ошондой эле түрк лидери Казакстанга ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Түркия тараптын демилгеси менен  Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун келечегин, ошондой эле региондогу азыркы кырдаалды, анын ичинде Казакстан Республикасындагы окуяларды талкуулашты.

Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү, анда негизинен Казакстандагы саясий кризис талкууланганы кабарланды.

Anahtar Kelimeler: Эрдоган, Казакстан,

Жаңылыктар