Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү

Түркия жана Украинанын президенттери Режеп Таййип Эрдоган менен Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү. Эки лидер Орусиянын Донецк жана Луганскты таануу чечимин талкуулашты.

22 Şubat 2022 18:28

Түркия жана Украинанын президенттери Режеп Таййип Эрдоган менен Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туралуу Президенттик аппараттын Байланыш бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар, Орусиянын Донецк жана Луганс жикчил аймактарын тануу чечимин талкуулашты.

Түркиянын Президенти Р. Т. Эрдоган Донбасстагы окуяларга жана Орусиянын Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында жарыяланган чечимдерге жакындан көз салып жатканын билдирди.

Эрдоган Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү менен Түркия өз позициясын ортого койгонун айтып,  Орусиянын президенти Владимир Путиндин чечими кабыл алынгыс экенин баса белгиледи.

Украинанын мамлекеттик бүтүндүгүнө зыян келтире турган чечимдердин бардыгына каршы көз карашта экендигин белгилеп, көйгөйдү чечүү үчүн эл аралык аренада дипломатиянын бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу керектигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошол эле учурда Конго Демократиялык Республикасынан Сенегалга багыт алып жатып, учакта жасаган билдирүүсүндө, Түркия кризисти жөнгө салуу үчүн чын жүрөктөн аракет кылганын айтты.

«Түркиянын Тышкы иштер министрлиги  акыркы абалга байланыштуу жарыялаган билдирүүсүндө Орусиянын Донецк жана Луганск аймактарын таануу чечиминин сындап, Москванын бул аракети, Минск келишимине дал келбээрин билдирди. Министрлик, Орусиянын чечимин Украинанын саясий биримдигин, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн ачык бузуу  катары баалады. Биз Орусиянын чечимин кабыл алынгыс деп эсептейбиз. Тараптарды сабырдуулукка жана эл аралык эрежелерди аткарууга чакырабыз»,- деди Эрдоган.

«Биз да алдын алуу чараларын көрүп жатабыз»

Эрдоган, Түркия дагы Кара деңиздин жээгиндеги өлкө экенин баса белгилеп, бир катар алдын алуу чараларын кабыл алуу шарт деп белгиледи. Буга чейин да бир катар алдын алуу чаралары кабыл алынганын маалымдап, бул жааттагы иш-аракеттер улантылаарын айтты.

«Башка мамлекеттер макул болушса, биз жолугушууга катышууга даярбыз»

Белгилей кетсек Украинанын президенти В. Зеленский Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө кошуп, Түркия жана Германиянын катышуусунда чукул саммит өткөрүү сунуштаган. Түркиянын Президенти Р. Т. Эрдоган, сунуш келип түшсө, албетте жыйынга катышабыз деп билдирди.

«Зеленскийдин бул сунушун туура деп эсептейм. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү жана башка өлкөлөр макул болушса, биз, албетте жыйынга катышабыз»,-деди мамлекет башчысы.

 

Anahtar Kelimeler: Эрдоган, Зеленский,

Жаңылыктар