Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын Өзбекстанга жасаган сапары басма сөздө кеңири чагылдырылды

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган эки күндүк мамлекеттик сапары менен Өзбекстан өлкөсүндө болуп кайтты. Өзбекстандын маалымат каражаттары сапарды кеңири чагылдырды.

31 Mart 2022 16:53

 

«Өзбек-түрк кызматташтыгында жаңы доор»

Өзбекстандын мамлекеттик УзА маалымат агенттиги «Өзбек-түрк кызматташтыгында жаңы доор» деген аталыштагы макала жарыялады. Анда, Өзбекстандын эгемендүүлүгүн алгачкы болуп тааныган өлкө Түркия экени баса белгиленип, 1996-жылы, эки өлкө ортосунда «Түбөлүк достук жана кызматташтык» келишимине кол коюлганы маалымдалды.

Эки эл ортосундагы мамиле көп кылымдык тарыхка таянып, жалпы тил жана динге негизделери баса белгиленди. Түркия менен Өзбекстан ортосундагы өз ара ишенимге негизделген достук мамиле күн өткөн сайын өсүп-өнүгүп жатканы айтылды.

Белгилей кетсек Эрдогандын Өзбекстанга жасаган сапары алкагында эки өлкө ортосунда өз ара кызматташуу боюнча бир катар жаңы келишимдерге кол коюлду. Анын ичинде Түркиянын Анадолу Агенттиги менен УзА агенттиги өз ара кызматташуу боюнча келишимге жетишти.  

Эрдогандын сапары жемиштүү жана мазмундуу болду

«Элдин сөзү» гезити Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын Өзбекстанга жасаган сапары жемиштүү жана мазмундуу болгонун жазды. Гезит, өзбек-түрк элдери ортосундагы достук жана боодоштук мамилеге өзгөчө басым жасап, түрк элинин Өзбекстанга болгон сүйүүсүн кеңири чагылдырган.

«Өзбекстан-Түркия кызматташтыгында жаңы доордун башаты»

Өзбекстанда орус тилинде жарык көргөн «Народоное слово» гезити, Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын Өзбекстанга жасаган сапары «жаңы доордун башаты» болоорун жарыялады.

Эрдогандын сапары алкагында Өзбекстан Республикасы менен Түркия Республикасы ортосундагы Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин 2-жыйыны болуп өткөнүн, жыйында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча маанилүү маселелер талкууланып, анын соңунда 10го жакын келишимге кол коюлганы белгиленди.

Өзбекстан менен Түркиянын ортосундагы өз ара мамилелер стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгарылды

«Правда Востока» гезити, жаңы санынын манилүү бөлүгүн Эрдогандын Өзбекстанга жасаган сапарына жана Өзбекстан-Түркия мамилелерине арнады.

Гезитте «Өзбекстан-Түркия: экономикалык мамилелер жаңы реалдуулукта» деген макала жарыяланды. Макалада Өзбекстан менен Түркия ортосундагы экономикалык кызматташтыкка өзгөчө басым жасалган. Өзбекстан менен Түркиянын ортосундагы өз ара мамилелер стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгарылганы белгиленген.

«Ата-бабалар жердеген жердин эшиги түрк боордошторубуз үчүн ар дайым ачык»

«Улуттук кайра жаралуу» гезити, ата-бабалар жердеген жердин (Өзбекстандын) эшиги түрк боордоштор үчүн ар дайым ачык экенин белгилеген. Гезит, Мирзиёевдин билдирүүлөрүн кеңири чагылдырган. Эрдогандын сапары эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы жана жогорку мүмкүнчүлүктөрдү жарата турганы баса белгиленген.

«Менин жерим – достуктун жери»

«21-кылым» гезити «менин жерим-достуктун жери» деген макала жарыялап, Өзбекстан менен Түркия ортосундагы достук жана боордоштук мамилеге өзгөчө басым жасаган. Эки өлкө ортосундагы өз ара ишенимге негизделген достук мамилеле бүгүнкү күндө ар тараптуу өнүгүп жатканы айтылып, Эрдогандын сапары эки өлкө ортосундагы мамилени эң жогорку деңгээлге алып чыгаары белгиленген.

 

Жаңылыктар