Түркиянын транспорттук долбоорлору: Азия менен Европаны байланыштырган мүмкүнчүлүктөр

Түркия географиялык, тарыхый, социалдык, маданий жана экономикалык артыкчылыктары менен инвесторлорго олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.

16 Nisan 2021 01:25

Транспорт жана байланыштын жаңы доору

Түркия 2002-жылдан бери «транспорт жана байланыштын жаңы доору» стратегиясына өзгөчө көңүл буруп, жаңылануу процессин улантууда. Анын алкагында транспорттук жана коммуникациялык тармактарда комплекстүү жана натыйжалуу долбоорлор ишке ашырылууда. Долбоорлор, мобилдүүлүктүн, санариптештирүүнүн жана логистиканын динамикасы менен калыптанууда.

2003-жылдан бери транспорт жана коммуникация тармагындагы натыйжалуу жана маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга 910,3 миллиард лира инвестиция салынды.

Түркия транспорт жана коммуникация тармагын экономикалык өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычы деп эсептейт. Андыктан 2071-жылга чейин  бул жаатта манилүү долбоорлорду ишке ашырунун пландарды иштелип чыгууда.

Эл аралык байланыш чыңдалат

Түркия туруктуу транспорттук-коммуникациялык сектордогу ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууну максаттайт. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк модели аркылуу альтернативдүү каржылоону камсыз кылууну көздөйт. Транспорттук инвестицияларга артыкчылык берип, эл аралык байланышты чыңдоону максат кылат. Эл аралык коркунучтарга каршы Түркиянын кибер коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурат.

Бээжин менен Европаны туташтырган долбоорлор

Түркия темир жол линияларына өзгөчө маани берип, бир катар долбоорлорду ишке ашырууда. Алардын бири  «Түндүк линия» деп аталган темир жол линиясы. Бул линия аркылуу Түркия Кытай менен Орусиядан Европага ташылып өткөн жүктөрдүн 30 пайызын өзүнүн чек арасы аркылуу өткөрүүнү пландоодо.

Ал эми борбордук коридор жана Баку-Тбилиси-Карс темир жол линиясы менен жылына 1500 поезд жүк ташуу пландалууда.

Кеме менен жүк ташуу өнүктүрүлөт

Түркия деңиз транспортуна маани берип, азыркы күнгө чейин Азербайжан, Түркмөнстан, Грузия, Украина, Өзбекстан, Беларуссия, Казакстан жана Молдова менен келишимдерге жетишкен. Азыркы тапта Словения, Иран, Ирак, Кыргызстан, Литва жана Пакистан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Булардын бардыгы инвесторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүк.

Жаңылыктар